А1: 25-сабак Жыйынтыктоо сабагы.

ЖЫЙЫНТЫКТОО САБАГЫ. ӨТҮЛГӨН ТЕМАЛАРДЫ КАЙТАЛОО (ИТОГОВОЕ ЗАНЯТИЕ. ОВТОРЕНИЕ ПРОЙДЕННЫХ ТЕМ)

1-тапшырма

Кезек менен кыргызча аты-жөнүңүздү, кайсы мамлекеттик органда, кайсы бөлүмдө, кайсы кызмат ордунда иштериңизди, кызматтык милдеттериңизге эмнелер кирерин айтып бериңиз (по цепочке скажите по-кыргызски как Вас зовут, в каком государственном органе, в каком отделе, на какой должности работаете, что входит в ваши должностные обязанности).

2-тапшырма

Кезек менен кыргызча кечээ кайсы иш аткаргандыгыңызды, эртең эмне иш аткарарыңызды айтып бериңиз (по цепочке расскажите по-кыргызски какую работу выполняли вчера, какую работу предстоит выполнить завтра).

3-тапшырма

Жаныңызда олтурган угуучу менен таанышыңыз, ага кайда, ким болуп иштериңизди, кызматтык милдеттериңизге эмнелер кирерин айтып бериңиз (по цепочке на кыргызском языке познакомьтесь с рядом сидящим слушателем, при этом укажите ваше место работы, должность, и должностные обязанности).

4-тапшырма

Кезек менен аудиторияда олтурган угуучу тууралуу жаныңызда олтурган угуучудан анын аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду жана кызматтык милдеттери жөнүндө сураңыз (по цепочке на кыргызском языке задайте уточняющие вопросы относительно имени рядом сидящего слушателя, его места работы, должности, должностных обязанностей).

5-тапшырма

Кезек менен сиз иштеген мамлекеттик органды ким жетектерин, анын орун басарлары кимдер экендигин маалымдаңыз, сиздин бөлүмдөгү кесиптештериңиз, алардын аты-жөнү, алардын кызматтык милдеттери жөнүндө айтып бериңиз (по цепочке расскажите о том, кто возглавляет ваш государственный орган, кто его заместители, кто начальник вашего отдела, кто ваши коллеги по отделу, как их зовут, что входит в их должностные обязанности).