А2: 16-сабак Кайталоо

Тапшырма

Диалогдорду орусчага которуңуз.
Статс-катчы: Мага тезинен кадрлар бөлүмүнүн башчысын чакырыңыз.
Катчы: Азыр.
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы: Саламатсызбы, Эрмек Кадырович, мени чакырдыңыз беле!
Статс-катчы: Ооба, келиңиз, Айдар Эркинович. Бүгүн Мамлекеттик Кадр кызматына конкурстук түшкөн материалдарды алып барыш керек.
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы: Саат канчада?
Статс-катчы: Саат 5те ошол жакта болушуңуз керек. Ал жактагы уюштуруу бөлүмүнө кайрыласыз.
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы: Кадрлар кызматынын жетекчисине кечээки маселелер боюнча кире келейинби?
Статс-катчы: Ооба, директоруна же анын орун басарына кечээки маселе боюнча маалымдап келиңиз.
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы: Болуптур, анда мен даярданайын.
Статс-катчы: Ооба, барыӊыз.

Тапшырма

Диалогду кыргызчага которуңуз.
– Здравствуйте, Анна Петровна!
– Здравствуйте. Входите, присаживайтесь.
– Спасибо.
– С сегодняшнего дня вы будете работать в отделе … . Сейчас сходите в отдел кадров, оформьте нужные документы и ознакомьтесь с режимом работы. Затем приходите снова сюда. Я покажу вам ваш кабинет и познакомлю вас с вашими коллегами.