А2: 27-сабак Иш кагаздары

Лексикалык минимум

арыз (заявление),эл аралык кызматташтык (международное сотрудничество), маалымат (информация), гуманитардык жардам (гуманитарная помощь), адис (специалист), башкармалык (управление), ишке орношуу (трудоустройство), жетектөөчү адис (ведущий специалист), финансылоо (финансирование), башкы адис (главный специалист), пландаштыруу (планирование), балдарды коргоо (защита детей), көргөзөйүнбү? (показать?), камсыз кылуу (обеспечение), эмгек өргүүсү (трудовой отпуск), социалдык колдоо (социальная поддержка)

Тапшырма

Ролдошуп окугула.
Эркек: Саламатсызбы, Сиздин атыңыз ким?
Аял: Айжан Бактыбековна. А Сиздинчи?
Эркек: Мен Арсен Нурбековичмин. Сиз кайсы бөлүмдө иштейсиз?
Аял: Эл аралык кызматташтык, гуманитардык жардам жана маалымат башкармалыгында. Эң жакшы. А сизчи?
Эркек: Бюджеттик пландаштыруу жана финансылоо башкармалыгында. Таанышканыма абдан кубанычтамын.
Аял: Мен дагы.

Тапшырма

Диалогду окугула жана орусчага которгула.
– Айжан Бактыбековна, Сиз кыргызча арыз жазганды билесизби?
– Билем. Жардам берейинби?
– Ооба, жакшы болот эле.
– Кандай арыз жазалы? Ишке орношуугабы же эмгек оргүүгѳбү?
– Ишке орношууга.
– Анда келиңиз, аудиотасманы угалы..

Иш кагаздары

Нускаманы окуңуз жана которуңуз.
Ишке орношуу арызын жазганды үйрөнүңүз.

Тапшырма

Өз ара сүйлөшүп, ким кайда иштээрин тактаңыз. Бирге окуган курсташыңыздын атынан үлгү боюнча арыз жазыңыз.

Тапшырма

Текстти окуп суроолорго жооп бериңиз.
– Саламатсыздарбы, урматтуу кесиптештер! Таанышып алыңыздар: бул биздин жаңы кесиптешибиз, Алина Муратовна. Алина Муратовна бүгүн, 1-августтан баштап Эл аралык кызматташтык, гуманитардык жардам жана маалымат башкармалыгынын адиси болуп иштейт.
– Таанышып алыңыз, Алина Муратовна: Бул Эл аралык кызматташтык, гуманитардык жардам жана маалымат башкармалыгынын жетекчиси – Асель Байышовна – сиздин жетекчиңиз. Сиздин сол жагыңызда, Бюджеттик пландаштыруу жана финансылоо башкармалыгынын башкы адиси – Айбек Каленович, Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси – Наталия Витальевна жана Социалдык камсыз кылуу департаментинин социалдык колдоо бөлүмүнүн башкы адиси – Аскат Назарович.
Текст боюнча жооп бергиле. 
1. Наталия Витальевна ким болуп иштейт?
2. Алина Муратовна ишке каякка орношту?
3. Асхат Назарович кайсы бөлүмдө иштейт?
4. Бул кандай таанышуу? (расмий …)
5. Таанышуу кайда жүрүп жатат?

Тапшырма

Төмөнкү иш кагазын кунт коюп окуңуз. Берилген үлгүгө салып, өзүңүздүн кыскача өмүр баяныңызды айтып бериңиз.