B1: 10-сабак Бүтпѳгѳн күнүмдүк иштер

Сѳздѳр жана сѳз айкаштары

Грамматика

Окуйлу  

БИР ЖУМУШ КҮНҮ

Саламатсыздарбы, урматтуу телекөрүүчүлөр. Бүгүн биз Мамлекеттик кадр кызматынын директору Бакыт Саламатовичтин бир жумуш күнү менен тааныштырабыз. Анын жумуш күнү эртең мененки саат 9:00дө Өкмөт үйүнө барышы менен башталды. Анда Биринчи вице-премьер-министрдин кабыл алуусунда болуп, мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялоого байланышкан маселелер тууралуу сүйлөшүп, талкуу кылышты.

Андан соң жумуш бөлмөсүнө кайтып, түшкө чейин орун басарлары менен иш алып барды. Орун басарлары 2014-жыл ичиндеги аткарган иштери тууралуу маалымат берген соң, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө, Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү бөлүмдөрүнүн иштери тууралуу маселелерди талкуулашты. Ошентип, иш күнүнүн биринчи бөлүгү аяктап, түшкү маал убактысы да болду.

Директор түштөн кийин статс-катчы жана мамлекеттик тилди окутуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчыларын кабыл алды. Алар чакан жыйналышта мамлекеттик буйрутманын аткарылышы боюнча маселени карап, тийиштүү тапшырмаларды алышты. Андан соң, орун басарды жана ченемдик-укуктук актылар бөлүмүнүн башчысын кабыл алды. Мында жылдын алгачкы күнүнөн, тактап айтканда, 1-январдан тарта баштала турган декларациялык компания тууралуу талкуу болду. Бул боюнча график бекитилип, атайын буйрук берилди.

Кадр кызматынын жетекчисинин иш убактысы кечки 18:00дө аяктайт. Бирок, күн сайын эле сааттын жебеси 18:00дү көрсөткөндө иш жыйынтыкталып калбайт. Анткени, мекемеге күн сайын почта аркылуу кат-кабар, кайрылуу, тапшырмалар келет. Аларды кийинки күнгө калтырбай, күн сайын карап, таанышып чыгуу зарыл. Ошентип, кээде директордун жумуш убактысы кечки 20-21ге чейин созулат.

Динар Турдугулованын макаласы боюнча
Тапшырмалар

Текстте кездешкен бөлүмдөрдүн аталыштарын жазыӊыз.

Төмөндө берилген сөздөрдүн кыргызчаларын тексттен таап жазыӊыз.

1) Оптимизация госуправления —
2) Государственная служба —
3) Государственный заказ —
4) Нормативный правовой акт —
5) Проведение мониторинга —
6) Исполнение законов —
7) Ознакомится —
8) Прием министра —
9) Принимать —
10) Утверждение графика —
11) Выполнение госзаказа —
Иш кагазы

Тапшырмалар

Үлгүгө таянып, берилген маалыматтардын негизинде тил каттын текстин түзүӊүз.

Тил каттын ээси: «Вита» фирмасы
Директору: Сапарбекова Салия
Кимге багытталган: «Энтер» фирмасынын башчысы Заимов Николайга
Темасы: «Энтер» фирмасынан 10 компьютер (баасы 15 000 сом) алышы.

Сүйлѳшѳлү

Кесиптешиңиз иш сапарда алыста жүрөт. Сиз аны менен байланыша албай жатасыз. Бирок анын жоопкерчилигиндеги папкадагы маалыматтар сизге абдан керек болуп жатат. Сиздин мындан кийинки кадамыӊыз:
1. Кесиптешиӊизди күтѳсүзбү?
2. Тил кат жазып, ошол бѳлүмдѳгү жооптууга тапшырып, папкаларды алып колдоносузбу?
1. Жогорудагы кырдаал боюнча пикириңизди билдириңиз.
2. Сиз тил кат жазып көрдүңүз беле? Ал кандай мазмунда болгон? Айтып бериңиз.

Берилген сөздөрдү колдонуп, тил каттын текстин түзүӊүз.

Мен, Манапова Гүлнара, «Учкун» жаӊы конушунун, тургуну, «Доор» кичи ишканасынын башчысы Жалалова Айнура, жалпы баасы 80 000 (сексен миӊ) сом түзгөн, 8 (сегиз) даана муздаткыч, ал-, муздаткычтардын бардыгы, иште-, колдонууга жарамдуу