B1: 13-сабак Менин ѳмүр баяным

Сѳздѳр жана сѳз айкаштары

Окуйлу  

Таржымал

— Саламатсыздарбы, урматтуу телекѳрүүчүлѳр жана студиянын коноктору. Назарыӊыздарда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Атай Калыкович Аманбаев. Саламатсызбы, Атай Калыкович!
— Саламатчылык.
— Бүгүнкү теле кѳрсѳтүүнүн максаты – иш кагаздарын кыргыз тилинде жаздырууга үйрѳтүү. Бирок алгач сиз жѳнүндѳ маалымат берсек дедик эле. Макулсузбу? — Албетте. Сурооӊуз болсо, жооп берүүгѳ даярмын.
— Анда алгач сиздин таржымалыӊыздан баштайлы. Анткени бул рубриканын аты «Таржымал».
— Таржымал? Түшүндүм. Ѳзүм жѳнүндѳ так, кыс — ка, нуска жооп беришим керек. Туурабы?
— Ооба. Сиз качан, кайсы жерде туулдуӊуз эле?
— 1960-жылы 1-февралда Фрунзе шаарында студенттин үй-бүлѳсүндѳ төрөлдүм.
— Кайсы окуу жайды бүтүрдүӊүз эле?
— 1977-жылы Сузак районуна караштуу №4 «Интернационал» орто мектебин артыкчылык күбөлүгү менен бүтүрдүм. 1989-жылы Фрунзедеги автожол техникумун аяктап, 1990-жылы КМУУнун Юридикалык факультетин, андан кийин 2000-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын саясат таануу бөлүмүн аяктадым.— Бул кызматка чейинки иштеген жерлериӊизге токтоло кетесизби?
— 1987-89-жылдары Советтик Армиянын катарында Москва шаарындагы СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын академиясында кызмат өтөгөм. Андан соӊ жогоруда аталган окуу жайларды бүтүрүп, дароо Тышкы иштер министрлигине алгач курьер катары кызматка алындым. Бул күн мен үчүн эӊ бактылуу күндѳрүмдүн бири болду, анткени мен кѳптѳн бери эӊсеп келген элиме, жериме пайда алып келе турган кызматка ээ болдум.
Иш кагаз 

Ѳздүк таржымал

Аты-жѳнү: Калый уулу Темирлан
Туулган жылы: 11-сентябрь 1983-жыл
Үй-бүлѳлүк абалы: Үй-бүлѳлүү, бир кыздын атасы.
Ишмердүүлүгү: «НТС» телеканалында директордун орун басары Билими: 2002-жылы Жалал-Абад шаарынын Б. Алыкулов атындагы маданият техникумунун «Маданий эс алууну уюштуруу, элдик кѳркѳм чыгармачылыгы, музыка мугалими» адистигин алган. 2009-жылы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун «Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери» квалификациясын алган. 2011-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Юриспруденция» адистигин алган.
Иш тажрыйбасы: 2002-03-жылдары Чаткал районунун, Чакмак-Суу орто мектебинде музыка мугалими жана кѳркѳм жетекчиси. 2003-04-жылдары Чаткал районунун, «Чакмак-Суу» айылдык клубунун жетекчиси кызматы. 2004-05-жылдары КТРКнын теле алып баруучусу. 2005-12-жылдары «Кыргызстан Обондору» радиосунун алып баруучусу. 2012-13-жылдары «5-канал» телеканалынын алып баруучусу. 2013-жылдан ушул күнгѳ чейин «НТС» телеканалынын алып баруучусу.
Тил билүүсү: Кыргыз, орус тилдери.
Байланыш: 0552 11 11 59, 0772 11 11 59
Эстеп калыӊыз!
Акыркы кездерде жумушка орношууда, көпчүлүк мекеме менен уюмдарда резюменин (фр. resume – кыскача баяндоо) же СV ( лат. curriculum vitae – жашоо агымы) деп аталган документтин толтурулушу талап кылынат. Резюмеде талапкер тууралуу жумуш берүүчүнү кызыктырган бардык маалымат камтылып, жумушка тиешеси болбогон маалымат берилбейт.
СV – жумушка орношууну каалаган адамдын иш тажрыйбасы, жөндөмү, билими жана башка тиешелүү маалыматты камтыган документ. Резюмеден айырмаланып, СV кененирээк маалыматты камтыйт. Көбүнчө жогорку кызматка талапкерлер тарабынан толтурулат.
Сүйлѳшѳлү

Суроолорго жооп бериӊиз.
1. Сиз ким болуп иштейсиз?
2. Сиз кандай кызмат аткарасыз?
3. Сизге кандай милдеттер жүктөлгөн?
4. Азыркы учурда кызматка алынарда кайсы иш кагазына басым коюлат? Эмне үчүн?