B1: 15-сабак Иш пландарым

Сѳздѳр жана сѳз айкаштары

Грамматика

Сүйлөмдөрдү окуӊуз. Белгиленген сөздөргө көӊүл буруӊуз.

1. Бул маселе боюнча чечим кабыл алышыбыз керек.
2. Бул маалыматтардын бардыгын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жиберишиӊиз керек.
3. Жуманын аягына чейин керектүү маалыматтарды топтошуӊар керек.
4. Бул боюнча тез аранын ичинде чара көрүшүӊүздөр керек.
5. Алар бизге кат жазышы керек.
Окуйлу 

Жооптуу күн

Менин атым Эркин. Мен Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде иштейм. Эртеӊки күн мен үчүн абдан жооптуу күн. Эртеӊ менен саат 8:00дө жумуш ордумда болушум керек. Анткени саат 9:00дө күзгү жыйым-терим өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулаган жыйналыш башталат. Жыйынга Премьер-министр катышат. Мен жыйын башталганча буга чейин жасалган жана мындан кийин жасала турган иштер жөнүндө маалыматтарды принтерден чыгарып даярдайм. Аны жыйынга келгендерге таратып беребиз.
Андан кийин бизге жарандардан түшкөн каттарды карап чыгам. Аларды каттоодон өткөрүп, тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүшүм керек. Түшкү тамактан кийин сатып алуулар боюнча кеӊешмеге катышам. Анда кийинки жыл үчүн айыл-чарба шаймандарын сатып алуу планы каралат. Бул боюнча мен сунуш киргизем.
Кеӊешмеден кийин айылдардан келген фермерлер менен жолугам. Бул жолугушууда биз фермерлердин сунуш-пикирлерин талкуулайбыз.
Эстеп калыӊыз!

Келечекке байланыштуу мезгилди билдирүүчү сөздөр

Грамматика

Суроолорго жооп бериӊиз.

– Сиз анан эмне кыласыз?
– Сиз түштөн кийин эмне кыласыз?
– Сиз эртеӊ эмне кыласыз?
– Силер келерки жумада эмне кыласыӊар?
– Алар кийинки айда эмне кылышат?
– Биз бир жумадан кийин эмне кылабыз?
– Ал эртеӊ эмне кылат экен?
– Сиздер жыйналыштан кийин эмне кыласыздар?
— Алар кийинки айда эмне кылышат?

Эртеӊ эмне жумуш кыласыз? Берилген сөздөрдү колдонуп, эртеӊки жумуштарыӊыз жөнүндө айтып бериӊиз.

Мезгилди билдирүүчү сөздөр: Эртеӊ, эртеӊ менен, түшкө жакын, түштө, түштөн кийин, кечке жуук, кечинде.