B1: 22-сабак Жүйѳлүү себепте

Сѳздѳр жана сѳз айкаштары

Грамматика

Окуйлу 

Текстти окуӊуз. Белгиленген сөздөрдүн колдонулушуна көӊүл буруӊуз.

АЙЫМДАРДЫ ИШКЕРДИККЕ ҮЙРӨТҮҮ КАНДАЙ БОЛДУ?

Айылда жашаган аялдар ишкердиктин кайсы түрүнө шыктуу? Аларга кандай жардам керек? Бул боюнча долбоорду ишке ашырган Коомчулукту өнүктүрүү альянсы уюмунун жетекчиси Гүлжан Ниязалиева “Азаттыкка” маек курду.
Санжар Эралиев: Элеттик аялдар негизинен тиричилик иштерине көнгөн. Ошол себептүү аларды ишкердикке үйрөтүү кыйын болгон жокпу?
Гүлжан Ниязалиева: Баштаган иш дароо эле ийгиликтүү болуп кетпейт. Кыйынчылыктар жаралды. Анткени Кыргызстандын айыл жергесинде жашаган аялдарында өзүнө ишенбестик жогору экен. “Колумдан келбейт” деген түшүнүк калыптанган. Айрыкча, жакыр үй-бүлөдөгү аялдар ушул стереотипке көнүп калган. Ушундан улам: “Ишкердикти жалгыз эптей албайм”,- деп чочулашат экен. Ошондуктан, окуу маалында аларды топ-топко бөлүп, дем-күч берүүгѳ аракет жасадык.
Санжар Эралиев: Аракетиңер жемишин бердиби?
Гүлжан Ниязалиева: Ооба, ийгилик жараттык деп айта алам. Себеби бир жыл аралыгында 44 демилгени ишке ашырдык. Ага 80 миң доллардай каражат жумшалды. Тагыраак айтканда, ишкердик кылууну каалаган аялдарга грант бердик. Бул аралыкта эки миӊдей аял ишкердиктин сырын үйрөнүп, аларга каржылык көмөк көрсөтүлдү. Долбоорго аялдарды гана эмес, эркектерди да тарттык. Бирок катышуучулардын 90 пайызын айымдар түздү.
Санжар Эралиев: Өлкөнүн бардык аймактарында иш жүргүзүптүрсүздөр. Ишкердик жаатында жети облустун кайсы аймагындагы аялдардын активдүү экенин байкадыңыздар?
Гүлжан Ниязалиева: Бул аймак мыкты, тигил аймак начар деп айта албайм. Себеби баарында шык бар. Бирок, биз Чүй облусунда аялдар менен иштеген кезде бир аз кыйналдык. Анткени бул жактагы аялдар арасында өзүнө ишенбегендер көбүрөөк экенин байкадык. Себеби түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда негизинен алыскы аймактарга көңүл бурулат. Ушундан улам, борборго жакын деп, Чүй облусу көз жаздымда кала берет. Ошондуктан тобокелдик менен долбоорлорго аралашуу бул аймактагыларга анча мүнөздүү эмес. Ага карабай, аракетибиз натыйжалуу болду деп айта алам.
Эстеп калыӊыз!

Өз оюӊузду билдириӊиз.
1) Сиздин оюӊузча, эмне үчүн аялдарды ишкердикке тартууга маани берилиши керек?
2) Сиздин оюӊузча, ишкердик менен алектенген айымдардын саны азбы же көппү? Эгер аз же көп болсо, анын себеби эмнеде?
3) Сиздин оюӊузча, аялдардан мыкты ишкер чыгабы? Эгер чыкса/чыкпаса, эмне үчүн?
Сүйлѳшѳлү
КАНДАЙ ШЫЛТОО ТАПСАМ ЭКЕН…?
Болот бүгүн да күндөгүдөй эле эртеӊ менен эрте турду. Шашпай кийинип, үстү-башын иретке келтирип, эртеӊ мененки чайын ичти. Саатын караса, али эрте экен. «Азыр саат араӊ 7:00 болуптур. Жумушум саат 8:30 да башталат эмеспи. Андыктан бир аз телевизор көрүп отура турайын. Жумушка машина менен 20 мүнөттө жетип барам» — деп ойлоду да, телевизорду иштетип коюп, диванга чыканактап жата кетти. Бир маалда «тарс» деген үндөн улам ойгонуп кетти. Караса, колунан телевизордун пульту жерге түшүп кетиптир. Саатын карап, абдан чочуп кетти. Көргөн көзүнө ишенген жок! Саат тогуздан беш мүнөт өтүптүр! «Ах! Кечиктим!» деп, шаша-буша кийинип, сыртка чуркады. Машинасын жүргүзүп жатып: «Эми эмне кылам? Бүгүн саат 9:00дө бөлүм башчыга иш баянымды алып барышым керек эле. Ка-а-п, эми канттим? Эми бир жүйөлүү шылтоо ойлоп таппасам болбойт….» деп, шылтоо издей баштады…
Болот кандай шылтоо табышы мүмкүн? Берилген сүйлѳмдѳрдү колдонуп, жетекчи менен Болоттун сүйлѳшмѳсүн түзүӊүз.
1. Түшүндүрүп берейин…
2. Экинчи кайталанбайт.
3. Мындан кийин кайталанбайт.
4. Кечирим сурайм.
5. Экинчи кайталанбасын!
6. Түшүнүк кат жазыӊыз.