B1: 28-сабак Экономикалык саясат

Сѳздѳр жана сѳз айкаштары

Окуйлу 

Текстти окуӊуз. Белгиленген сөздөрдүн колдонулушуна көӊүл буруӊуз.

ПРЕСС-БОРБОР БИЛДИРЕТ: КАРА-КЕЧЕ КӨМҮР КЕНИН КОМПЛЕКСТҮҮ ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ЖЫЙЫН ӨТТҮ

(1) Бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Болот Акматовдун төрагалыгы алдында Кара-Кече кенин комплекстүү түрдө иштетүү боюнча жумушчу жыйын өттү. Анда Кара-Кече кенин иштетүү боюнча конкурстун тартиби жана шарттарына байланышкан маселелер талкууланды. Премьер-министр бул долбоордун өлкө үчүн мааниси өтө чоң экенин белгилеп, кыска убакыттын ичинде бул боюнча иштерди баштоо керектигин билдирди.
(2) “Бул долбоорду ишке ашыруу – өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ иш. Анткени кубаттуулугу 4 агрегаттуу 1200 МВтык жылуулук борбору курулуп, кенди толук кандуу иштетүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле Бишкек жылуулук борборун толук кандуу көмүр менен камсыз кылууга шарт түзүлөт”, – деди Болот Акматов.
(3) Жыйындын жүрүшүндө Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль маалымат берип, учурда конкурс өткөрүү боюнча жобо даярдалып жатканын кабарлады.
4) Ошондой эле бул маселеге байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар маалымат беришти.
(5) Жыйынды аяктап жатып, Премьер-министр Болот Акматов Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү боюнча конкурс өткөрүүгө байланышкан иш-аракеттердин алгоритмин төрт күндүн ичинде тактап, иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Эстеп калыӊыз!