B1: 29-сабак Куттуктоо

Сѳздѳр жана сѳз айкаштары

Эстеп калыӊыз!

Грамматика

Окуйлу 

Текстти окуӊуз. Белгиленген сөздөрдүн колдонулушуна көӊүл буруӊуз.

КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев
Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябрында, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасынын тексти:
Терең урматтуу Алмазбек Шаршенович! Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Сиз Кыргыз Республикасынын тарыхындагы татаал мезгилде жетекчиликке келип, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн конкреттүү чараларды жана иш-аракеттерди көрдүңүз.
Сиздин жетекчилигиңиз алдында өткөрүлүп жаткан реформалардын аркасында Кыргызстан улуттук экономиканы модернизациялоо, демократиялык институттарды ар тараптуу чыңдоо жана элдин жашоосун жакшыртуу жолунда ишенимдүү кадам менен алдыга бара жатат.
Сиздин регионалдык жана дүйнөлүк саясаттын актуалдуу маселелерине конструктивдүү жана чын дилиңизден жасаган мамилеңиз Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги жана эл аралык аренадагы кадыр-баркынын өсүшүнө өбөлгө болууда.
Бүгүнкүдөй жакшы жагдайдан пайдаланып, Шериктештиктин алкагында үзүрлүү кызматташуубуз үчүн өзүмдүн чын дилимден чыккан ыраазычылыгымды жана алакабыз чыңдалып, өнүгө берет деген ишенимимди билдирип койгум келди.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин көп кырдуу мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди каалайм.
Терең урматтоо менен,
КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы,
Аткаруучу катчы С.Лебедев.
17-сентябрь 2015-жыл

Ойду улантыӊыз.

1) Бүгүн, 2015-жылдын 17-сентябры, …
2) Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев …
3) Кыргызстандын тарыхындагы татаал мезгилде ….
4) Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында ….
5) Регионалдык жана дүйнөлүк саясаттын актуалдуу маселелери ….
6) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги …
7) Терең урматтоо менен …
8) ….. Алмазбек Атамбаевди куттуктады.