B2: 10-сабак Кеңешмеде (коллегияда)

Аткарылган иштер боюнча иш баян даярдоо

Грамматика: Мамиле категориясы: Негизги мамиле. Кош мамиле.
Сөздүк: Иш баян даярдоого мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары
Кептик конструкция: Министрликтин жылдык иш планына ылайык ар бир кварталда аткарылган иш-аракеттер боюнча иш баян даярдоо
– Адистигиме байланыштуу алдыда коюлган милдеттерди жүзөгө ашырууда областтык жана райондук кеңештер менен, ошондой эле айыл өкмөттөрү менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп, министрликтин жылдык иш планына ылайык, ар бир кварталда аткарылчу иштерди өз убагында бүткөрүүгө аракет кылдым ж.б.

Лексикалык минимум

ЖЫЛДЫК ИШ ПЛАНГА ЫЛАЙЫК АТКАРЫЛГАН ИШТЕР
ТУУРАЛУУ ИШ БАЯН ДАЯРДОО

Жөлөк пул, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жылдык орточо көрсөткүч, салыктардын үлүшү, камсыздандыруу төгүмдөрү, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, каттоо, каттоо жүргүзүү, эскертүү берүү, чара колдонуу, мөөнөтүн узартуу, маалымат топтоо, сапатын өркүндөтүү, жарандардын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө аракет кылуу, түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү, жарадарды кабыл алуу, жарандардын суроо-талаптарына жооп берүү, каржылоо маселесин чечүү, Өкмөткө сунуш киргизүү, артыкбаш чыгымдарды жоюу, жеңилдетилген шарт түзүп берүү, долбоор боюнча аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөө, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Тапшырма

Төмөндөгү текстти окугула, жаңы сөздөр кездешсе, алардын маанисин сөздүктөн таап, дептерге жазып алгыла
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин иш баянынан үзүндү
Социалдык коргоо.Мамлекеттик жөлөк пулду алуучулардын саны 2014-жылдын 1-январына карата 411,0 миң адамды түзгөн, бул 2012-жылга (414,8 миң адам) салыштырганда 1%га аз. Жалпысынан республикада 2014-жылдын 1-январындагы маалымат боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун орточо өлчөмү 5,1%га көбөйгөн жана 487,4 сомду түзгөн. Орточо айлык номиналдуу эмгек акы бир кызматкерге 2013-жылы 11426 сомду түзүп, 2012-жылга салыштырганда 4,9%га өстү, ал эми керектөө бааларынын индексин эсепке алганда, анын анык өлчөмү 1,6%га төмөндөдү. Жашоо минимумунун жылдык орточо көрсөткүчү 2013-жылы 4599,21 сомду түздү жана өткөн жыл менен салыштырганда 5,9%га өстү. Жашоо минимумунун түзүмүндө азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 %, азык-түлүк эместердики – 16%, кызмат көрсөтүүлөрдүкү – 17% жана салыктардын үлүшү 2%ды түздү.
Пенсиялык камсыздоо. Баштапкы маалыматтар боюнча 2013-жылы 20453,9 млн. сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды, бул 2012-жылга салыштырмалуу 1660,6 млн сомго көп, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун өсүшү 108,8%ды түздү. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 1021,2 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү топтолду. 2014-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 581306 адамды түздү. Пенсияны жогорулатуунун натыйжасында 2014-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо өлчөмү 4526 сомду түздү.
Калктын иш менен камсыздалышы. Акыркы он жылда калктын иш менен камсыз болуу деңгээли 58–60%га чейин жетти, бирок бул тышкы эмгек базарында иштеген эмгекке жарамдуу калктын (эмгек миграциясы) санынын көптүгү менен түшүндүрүлөт. Ишке орноштуруучу мамлекеттик кызматтарда каттоодо турган жумушсуз калктын саны 2014-жылдын 1-январына карата 94,2 миң адамды түзгөн. Өкмөт жумушсуз жарандарды мамлекеттин ичинде жана чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча бир катар иш-чараларды өткөргөн. Окутууга, кайра окутууга, квалификацияны жогорулатууга 7,3 миң адам жиберилген. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 21,1 миң адам жиберилген. Жеңилдетилген чакан насыяларды 2,0 миң адам алды.
Миграция. Табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында республиканын туруктуу калкынын саны 2013-жылы 113,5 миң адамга, тактап айтканда, 2,0%га көбөйүп, 2014-жылы 5 777 миң адамды түзгөн. Калктын санынын өсүшүнүн негизги фактору табигый өсүш болуп саналат. 2013-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 4,3 миң адам келсе, кеткендердин саны 11,5 миң болгон, калктын миграциялык кетиши (–) 7,2 миң адам түздү (2012-жылы – 7,5 миң). Кыргызстандык эмгекчи-мигранттардын көпчүлүгү: – Россия Федерациясында, Россиянын ФМКнын автоматташтырылган аналитикалык отчёт тутумунун маалыматы боюнча 2013-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын 657,8 миң жараны кирип, 568,8 миң адам кайра чыккан. Учурда Россияда 350 миңден 570 миңге чейин адам бар;
– Казакстан Республикасында 70 миңден ашуун адам. Алыскы чет өлкөлөрдө 30 миңдей кыргызстандыктар бар (ар кандай маалыматтар боюнча). Калктын миграциясынын оң жагы улуттук эмгек базарындагы чыңалууну төмөндөтөт (эмгек миграциясы өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин дээрлик 2 эсеге азайтууга шарт түзөт), эмгекчи-мигранттардын акча которууларынан бир топ финансы түшөт (2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу акча которууларынын таза көлөмү 1908,2 млн АКШ долларын түздү).

Грамматика

Мамиле категориясы – кыймыл-аракеттин субъект менен объектиге болгон карым-катышын билдирет. Бул өз ичинен баштапкы (негизги) мамиле, кош мамиле, аркылуу мамиле, өздүк мамиле, туюк мамиле болуп беш топко бөлүнөт.
1. Негизги (баштапкы) мамиле – кыймыл-аракеттин өз субъектиси тарабынан иштелерин билдирет. Адатта субъект(илер) сүйлөмдүн ээси катары колдонулат. Мисалы: Кызматкерлер чогулуштан чыгышты. Күндөр учат канаты бар немедей, Айлар сызат кербен тарткан кемедей (А.Т.) деген сүйлөмдөрдө субъектилер – кызматкерлер, күндөр, айлар. Кыймыл-аракет (чыгышты, учат, сызат) ушулар тарабынан аткарылат.
2. Кош мамиле – кыймыл-аракеттин аткарылышына бир нече субъект бирдей даражада катышарын билгизип, -(ы)ш (-иш, -уш, -үш) мүчөлөрү аркылуу жасалат: Аткарылган иштерди анализдештим. Жылдык иш-планды түзүштүм. Долбоор боюнча аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөштүм.

Тапшырма аткаруу үчүн төмөндөгү баскычты басыңыз.