B2: 12-сабак Кеңешмеде (коллегияда)

Кеңешмедеги суроо-жооптор

Грамматика: Мамиле категориясы: Туюк мамиле (кайталоо). Өздүк мамиле.
Сөздүк: Жыйындын (чогулуш), семинардын ж.б. жүрүшүнө ылайык берилүүчү суроо-жоопторго мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары
Кептик конструкция: Экономикалык өнүгүүнүн ыңгайлуу инвестициялык шарттарын түзүү үчүн кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?

Лексикалык минимум

КЕҢЕШМЕДЕГИ СУРОО-ЖООПТОР

Саясий кырдаал, саясий-экономикалык абал, дүйнөдөгү экономикалык каатчылык, мындай көрүнүшкө каршы чара көрүү, сунуш берүү, кескин реформаларды баштоо, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү, жергиликтүү бийликке эркиндик берүү, бизнес чөйрөсүнө жагымдуу шарт түзүү, колдоого алуу, жетекчилердин демилгеси менен, кошумча инвестиция алып келүү, каржылоо, чоң салым кошуу.

Грамматика

Мамиле категориясы: Туюк мамиле. Өздүк мамиле.
Туюк мамиле негизги мамиледеги этиштерге –(ы)л (-ил, -ул, -үл, -л) мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалат да, кыймыл-аракетти өзүнөн-өзү иштелердей мааниде билгизет. кол коюл, чечим чыгарыл, буйрук берил, тапшырма аткарыл, мөөр басыл, жаңы табылгалар ойлоп табыл, көктөмөгө тиркел, катар номер коюл Эгерде этиш сөз -л тамгасы менен аяктаса, –(ы)н мүчөсү уланат.
Мисалы: тамак-аш менен камсыз кылын, жаңы көпүрө салынсын, сыйланды

Тапшырма

Сүйлөшмөлөрдү ролдорго бөлүштүрүп окугула.
1) Равшан Жээнбеков ЖК депутаты: “Кыргызстанда саясийэкономикалык абал оор”
– Равшан мырза, парламенттик шайлоо жакындап калды, Сиз Кыргызстандагы саясий кырдаалды кандай баалайт элеңиз?
– Чындыгында, учурда Кыргызстанда саясий-экономикалык абал оор. Мамлекетте экономикалык кризис, дүйнөдөгү экономикалык каатчылык сыяктуу көрүнүштөр биздин өлкөгө да таасирин тийгизүүдө. Эгер бийлик мындай көрүнүшкө каршы чара көрбөсө арты жаман болот.
– Сиз өзүңүз бул кырдаалдан чыгуу үчүн кандай сунуш берет элеңиз?
– Биринчи кезекте, абалдан чыгуу үчүн натыйжалуу өкмөт түзүү зарыл. Мамлекетте кескин реформаларды баштоо керек. Ал үчүн өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтип, президенттин бийлигин кыскартуу абзел. Андан сырткары, жергиликтүү бийликке эркиндик бергенибиз туура болот. Өкмөттүн структураларынан да кыскарта тургандары бар. Андан сырткары, бизнес чөйрөсүнө жагымдуу шарттарды түзүп, аларды колдоого алганыбыз оң. Негизи, бизде ар бир өкмөт реформа жасап жатабыз деп кургак сөз менен сандарды айта берет. Чындыгында, реформа дегендин жыты да жок. Азыркы өкмөт деле ушундай жол менен баратат.
– Кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы түзүлгөн келишимин денонсациялады. Бул окуядан кийин көпчүлүк эксперттер АКШ Кыргызстанда ызы-чуу чыгарып жибериши мүмкүн деп божомолдоп жатат. Сиз бул мамлекетти туу туткан адам катары ушундай пикирлерге кошулат белеңиз?
– Жок, эч качан. АКШ демократиялуу мамлекет. Демократиялуу мамлекеттер эч качан революция жасашы мүмкүн эмес. Аларда өкмөт көпчүлүк маселени чечет жана министрлер кабинетин парламент катуу көзөмөлдөйт. Коомчулукта да көзөмөл катуу. Жарандык коом жакшы иштейт. Демократиялуу мамлекет Кыргызстанда революция жасайт деп айткан адам ошол мамлекеттин системасын билбейт. Алар эч качан мындай жолго барбайт. Ошондуктан, АКШ Кыргызстанда кандайдыр бир ызы-чуу же революция жасап жиберет деген сөз чындыкка дал келбейт.
2) Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору: “Ири ишканалар иштеп калса экономикабыз кескин түрдө алдыга жылат”
– Буга чейин Кыргызстан менен Россиянын жетекчилеринин демилгесинде кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Бул фонддун негизинде Кыргызстанда ишке ашуучу долбоорлордун алгачкылары октябрь айында башталышы күтүлүүдө. Алардын бири 7 млн долларга бааланган айыл-чарба багытындагы долбоор, анын ичинде тоок өстүрүү да бар. Экинчиси – текстиль өндүрүшү. Бул пландарга пикириңиз кандай?
– Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду экономикабызды алдыга жылдырат. Жылдын башында 500 млн доллар беребиз деген. Бул акча 10 ай иштебей жатып калды. Башынан баштап иштеткенде жакшы болор эле. Ошентсе да, азыр баштала турган иш биздин айыл чарбабыздын өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөт. Жакында эле президент дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эми акча ишкерлердин колуна тийсе, экономикабыз алдыга жылып кетиши толук мүмкүн…
– Бул фонддун алкагындагы долбоорлор Кыргызстанга Россия менен Казакстандан кошумча инвестиция алып келерин фонддун төрагасынын орун басары Владимир Некрасов билдирди. Фонддун кеңеши 25 млн доллар өлчөмүндө кредит берүү чегин киргизгенин, бирок бул акыркы чек эмес экендигин, мындан да жогору каражаттагы долбоорлор болсо аларды каржылоого фонд даяр экендигин кошумчалады. Демек, аталган фонд биздин өлкөбүздүн экономикасына чоң салым кошо алат деп ишенсек болобу?
– Мен муну колдойм. Анткени алардын ишканаларын кыдырып чыктым. Эгер андай ишканалар иштей турган болсо башка жакта иштеп жүргөн жарандарыбыз өзүбүздө эле иш менен камсыз болот. Ири ишканалар иштеп калса, эл үчүн да пайдалуу, анткени айлыктары жакшы, экономикага жакшы таасирин тийгизет.

Тапшырма

Берилген сөз жана сөз айкаштарына туюк мамиленин жана этиштин келер чак, учур чак, өткөн чак мүчөлөрүн улагыла

Өздүк мамиле негизги мамиледеги этиштерге -(ы)н (-ин, -ун, -үн, -н) мүчөсүнүн жалганышы менен жасалат: Жумуштан сура+н+дым. Мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көпкө даярда+н+дык. Өздүк мамиле, негизинен, төмөнкү маанилерди туюндурат: а) Субъектинин кыймыл-аракети кайра өзүнө багытталгандыгын. Бул учурда субъект өз кыймыл-аракетине объект да болуп калат. Мисалы, Илимий макала жазыш үчүн ал көп изде-н-ди деген сүйлөмдө субъект – ал, кыймыл-аракетке дуушар болгон объект да – ал. б) Кыймыл-аракет субъектинин өз кызыкчылыгы үчүн иштелгендигин билдирет. Бул өзгөчөлүк баштапкы мамиле менен салыштыруудан даана байкалат: даярда (өз кызыкчылыгы үчүн, же башка бирөө үчүн даярдары белгисиз) – даярдан (өз кызыкчылыгы үчүн). в) Туюк мамиленин маанисинде колдонулуп, башка бирөөнүн өкүмүнө, буйругуна субъектинин дуушар болгондугун да туюндурат: Айланган тоонун бүркүтү Ак жерден торго чалындым. Комузду күүгө келтирген Колума кишен салындым (Токтогул). г) Субъект тарабынан кыймыл-аракеттин кайталанышын туюндурат: сүйлөн, каран, күбүн ж.б.