B2: 18-сабак Ички кызматтык иш кагаздарын тариздөө

Кулактандыруу, телефонограмма, эскертүү

Грамматика: Жөндөмөлөрдү кайталоо
Сөздүк: Жыйындык протоколу
Кептик конструкция: Бүгүн 1-каралуучу маселе боюнча баяндамачы Т.Акматов.

Грамматика

Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдү кайталагыла

Лексикалык минимум

Кулактандыруу, борбордук аппарат, мекеме, жарыя кылуу, жарыя, телерадио аркылуу, уюм, газета журналдар, жамаат, жалпыга маалымдоо каражаттары, кайрылуу, интернет булактары, банер-афишалар, иш-чара, кызмат көрсөтүү.

Тапшырма

Берилген кулактандырууну окуп чыккыла.

Кулактандыруу

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргызстандын бардык аймактарында биометрикалыккаттоо пункттары иштеп баштады. Каттоодон өтүү үчүн
паспортуңуз (ID) менен каалаган пунктка кайрылсаңыздарболот. Биометрикалык каттоодон өткөрүү бекер жүргүзүлөт.

Тапшырма

Өзүңүздөрдүн жумушуңуздарга ылайыктуу кулактандыруу айтып бериңиздер

Тапшырма

Берилген жарыяларды окуп чыккыла

I

Жарыя

Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айыл Өкмөтү 2014-2015-окуу жылы үчүн мектептерди жылытууга көмүр сатып алууга тендер жарыялайт. Тендер 2014-жылдын 20-июлунда саат 10.00дө Тогуз-Булак айыл Өкмөтүнүн кеңсесинде болот. Тендер боюнча суроолор болсо Тогуз-Булак айыл Өкмөтүнүн тендер өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы Коймуратов Коңурбайга кайрылсаңыздар болот. Байланыш телефондору: (3656) 60005, уюл.: 0772040462
II
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык мамлекеттик административдик кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Жетектөөчү адис – 1 орун
Жетектөөчү адис-бухгалтер – 1 орун
Жетектөөчү адис – 1орун
Функционалдык милдеттери: – аныктамаларды, оперативдик маалыматтарды, каттарды жана суроо талаптарга өз убагында жооп берип, аткарат.
– өз учурунда райондук агрардык сектордо талдоо жүргүзүү, башка адистер менен бирдикте ага баа берүү, кемчиликтерди аныктап жана анын үстүндө иш алып барат.
– башкармалыктын иш кагаздарын мыйзамга ылайык жүргүзөт.
– өз убагында, бекитилген милдетинин чегинде тургундардан түшкөн кайрылууларга, жетекчиликтерге, мекемелерге, уюмдарга түз карап, чечим чыгарууга сунуш киргизет. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя интернет сайтка чыккан күндөн баштап 14 күндүн ичинде саат 09.00дөн 17.00гө чейин тапшыруу керек.
Дареги: Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү, № 103, 3 кабат, райондук агрардык өнүгүү башкармалыгы, байланыш телефондору: (03457) 3-21-94, 0778 43 70 60

Тапшырма

Өзүңүздөрдүн жумушуңуздарга ылайыктап, жарыя жазыңыздар.

Тапшырма

 Өзүңүздөрдүн жумушуңуздарга ылайыктап жарыя жазыңыздар.

Тапшырма

Окугула.